Бельгия Газага абадан жардам жеткире турганын билдирди

Бельгиянын Коргоо министри Лудивин Дедондер жана Өнүктүрүү Кызматташтык министри Кэролайн Геннес X баракчаларынан билдирүү жасашты.

2109866
Бельгия Газага абадан жардам жеткире турганын билдирди

Бельгия Газага аба жолу аркылуу жардам көрсөтөрүн жана жүктөрдү ташыган биринчи аскердик учактын 4-мартта жолго чуга турганын жарыялады.

Бельгиянын Коргоо министри Лудивин Дедондер жана Өнүктүрүү Кызматташтык министри Кэролайн Геннес абадан жардам жөнөтүү чечимин чыгаргандарын X баракчаларынан билдиришти.

Операцияны Коргоо министрлигинин колго ала турганын белгилеген Дедондер, чалгындоо тобунун учурда практикалык даярдыктар үчүн Иорданияда экенин маалымдады.

Дедондер Бельгиянын Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү тобунун (B-FAST) 4-мартта А400М үлгүсүндөгү аскердик транспорттук учак менен жүктөрдү таштай турганын жана абадан жардамдын эң кыска убакытта берилерин айтты.

Геннез да: «Адамзаттын Газадагы азаптары теңдешсиз. Он миңдеген өлүм, 1 миллиондон ашуун адам жер которгон жана ачарчылык. Гуманитардык жардамдар тосулуп же аткыланууда. Биз карап тура албайбыз. Бельгия Газа элине аба аркылуу гуманитардык жардам жөнөтөт»,-деди.



Тектеш кабарлар