Армения Европа Биримдигине кошулууну каалайт

Армения парламентинин спикери Ален Симонян өлкөнүн Европа Биримдиги менен карым  - катнаштарын бекемдөөгө жана талапкерлик статусу үчүн иштегенге даяр экендигин айтты.

2109802
Армения Европа Биримдигине кошулууну каалайт

Армения парламентинин спикери Ален Симонян өлкөсүнүн Европа Биримдиги менен карым  - катнаштарын бекемдөөгө жана талапкерлик статусу үчүн иштегенге даяр экендигин айтты.

Симонян өлкөсүнүн коопсуздугун максималдуу камсыздоого карай бара турганын белгилеп : «Бүгүнкү күндө демократиялык өлкө болуу коопсуздуктун негизги кепилдиги болуп саналат. Биздин коопсуздугубуз демократиялык система менен тыгыз кызматташуудан көз каранды деп ойлойбуз», - деди.

Буга чейин Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел Европа Биримдиги менен Армениянын “дымактуу кызматташтыкты консолидациялоо” аракетин баштай тургандыгын айткан.

Бул чечим Армениянын премьер - министри Никол Пашиняндын Европа Парламентинде өлкөсүнүн Европа Биримдиги менен жакындашуу ниетин билдиргенден кийин кабыл алынды. Борелл өзгөчө Европа Биримдигинин жакынкы убакта Армения менен коопсуздук жана коргонуу тармактарында карым  - катнаштарын бекемдөөнү ойлогондугун белгилеген.

Армения  2009 – жылдан бери Европа Биримдигинин Чыгыш өнөктөштүгү долбооруна катышууда.

Өлкө  2015- жылдан бери Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү.

Буга чейин Армения, Грузия, Молдова жана Украина сыяктуу Европа Биримдиги менен өнөктөштүк келишимине кол коюну четке каккан.

Ошол эле учурда Армения Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорт үчүн ылайыктуу шарттарды түзгөн “Жалпылаштырылган преференциялар+” (ВСП) программасынын алкагында Европа Биримдигинен  соода жеңилдиктерин алган саналуу өлкөлөрдүн бири.



Тектеш кабарлар