АКШ сенаты «Түркияга Ф  - 16 сатууга бөгөт коюу» мыйзам долбоорун четке какты

Кентукки штатынын сенатору Сэнд Пол 5-февралда сунуштаган мыйзам долбоорун кабыл алуу же четке кагуу боюнча добуш берүү сенаттын Башкы кеңешинде өттү.

2109632
АКШ сенаты «Түркияга Ф  - 16 сатууга бөгөт коюу» мыйзам долбоорун четке какты

Америка Кошмо Штаттарынын сенаты «Түркияга Ф  - 16 сатууга бөгөт коюу» мыйзам долбоорун четке какты.

Кентукки штатынын сенатору Сэнд Пол 5-февралда сунуштаган мыйзам долбоорун кабыл алуу же четке кагуу боюнча добуш берүү сенаттын Башкы кеңешинде өттү.

Түркияга Ф  -16ладры сатууга бөгөт коюну сунуш кылган долбоор  13 "макул" добушка каршы 79 "каршы" добуш менен четке кагылды. 

Ушундайча Пол жалгыз сунуш кылган жана АКШнын Түркияга Ф – 16ларды сатуусуна тоскоол болууга карата демилге абдан чоң добуш айырмачылыгы менен сенатта четке кагылды.

АКШнын тышкы иштер министрлиги26 -январда Түркияга40 Ф- 16 аскердик учагын сатуу жана учурда Ф- 16лардын модернизациясы тууралуу конгресске расмий билдирүү берген.

Расмий билдирүүдөн кийин башталган 15 күндүк кароо жана каршы чыгуу процессинде Кентукки штатынын сенатору Рэнд Полдун сенатка билдирген нааразычылыгы күн тартибине киргизилип, мыйзам долбоору сенаттын Тышкы байланыштар комитетине жөнөтүлгөн. Мыйзам долбоору боюнча 15 күндүк мөөнөттө чара көрүлдү.

АКШ башкаруусу акыркы жолу Түркияга Ф- 16ларды сатуу тууралуу кабыл жана сунуш каттарын Анкарага билдирген.



Тектеш кабарлар