Израиль жардам үчүн кезекте турган газалыктарга кол салды

Кол салууда 104 киши каза болуп, 760 киши жараланды.

2109283
Израиль жардам үчүн кезекте турган газалыктарга кол салды

Израилдин Газада гуманитардык жардам күткөн палестиналыктарды бутага алган кол салуусунда 104 киши каза болуп, 760 киши жараланды.

Израиль Газа тилкесине жасаган кол салууларынын 146 - күнүндө азык - түлүк жардамы үчүн чогулган палестиналык жарандарды бутага алды.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта жардам күткөн элге ок атылып 104 кишинин каза болгону, 760 кишинин жаралангандыгы билдирилди.

Палестинанын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта бул кол салуунун «жарандыктарга карата кыргын» жана Израилдин уланып жаткан «кыргын согушунун» бир бөлүгү экени белгиленди.

Эл аралык коомчулукка жарандарды коргоонун бир гана жолу катары ок атышпоонун түзүлүшү үчүн «чукул кийлигишүүгө» чакыруу салынды.

Газадагы өкмөттүн Медиа кеңсесинен берилген билдирүүдө Израилдин кол салууну мурдатан пландагандыгы белгиленди.

Билдирүүдө эл аралык коомчулук, өзгөчө АКШдагы Жо Байден башкаруусу, палестиналык жарандардын кырылышына уруксат бергени үчүн айыпталып :  «Биз АКШ башкаруучулугун, эл аралык коомчулукту жана эл аралык уюмдарды АКШдагы жарандардын өлтүрүлүшүнөн жооптуу деп эсептейбиз. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө, бардык араб жана ислам өлкөлөрүнө, Араб Лигасына жана Ислам Кызматташтык Уюмуна кыргынды токтотуусу үчүн Израилге  кысым көрсөтүү үчүн тез арада кийлигишүүгө чакырабыз”,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар