АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Приднестровьедеги кырдаалга сереп салды

Миллер: «Орусиянын Европада барган сайын агрессивдүү болгон ролун эске алып Приднестровье аймагындагы аракеттерин жана жалпысынан андагы кырдаалды кылдаттык менен иликтеп жатабыз»,-деди.

2109150
АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Приднестровьедеги кырдаалга сереп салды

Молдованын сепаратисттик аймагы Орусиядан жардам сурагандан кийин АКШ аймактагы кырдаалды кылдат иликтеп жатат. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Мэтью Миллер билдирди.

Миллер: «Орусиянын Европада барган сайын агрессивдүү болгон ролун эске алып Приднестровье аймагындагы аракеттерин жана жалпысынан андагы кырдаалды кылдаттык менен иликтеп жатабыз»,-деди.

Миллер ошондой эле «АКШ Молдованын эгемендүүлүгүн жана эл аралык таанылган чек араларында аймактык бүтүндүгүн бекем түрдө колдойт. Кишинев менен Тирасполду чогуу иштешүүгө жана Днестр дарыясынын эки жээгиндеги коомчулуктардын көйгөйлөрүн биргелешип чечүүгө чакырабыз», - деп айтты.

Молдавиянын сепаратисттик аймагынын өкүлдөрү, бийликтин экономикалык көйгөйлөрдү чече албай репрессиялык чараларды көрүп жатканын айтып, орус администрациясынан “жардам” сурагандарын билдиришкен.  



Тектеш кабарлар