Кытай космоско 100 учурууну ишке ашырат

Космостук программанын башкы подрядчысы Кытай авиациялык космостук илимий жана технология фирмасы (CASC) тарабынан басылып чыккан китепте  2024  - жылга байланыштуу  пландар жарыяланды.

2108595
Кытай космоско 100 учурууну ишке ашырат

Кытай улуттук космостук программасынын негизинде бул жылы  100 учурууну пландап жатат.

Космостук программанын башкы подрядчысы Кытай авиациялык космостук илимий жана технология фирмасы (CASC) тарабынан басылып чыккан китепте  2024  - жылга байланыштуу  пландар жарыяланды.

Бул жылы 100 учуруу менен космоско 300дөн ашык спутник жана унаа жөнөтө турган өлкө, жылдык учуруулардын санын олуттуу түрдө көбөйтүүнү максат кылууда.

Учуулардын жетимиши  CASC тарабынан космостук программасынын негизги ташуучу системасы болгон Long March ракеталары менен калганы менчик фирмалар  тарабынан чыгарылган ракеталар менен ишке ашырылат.

Кытай  2023 -  жылы  17си менчик секторлор тарабынан ишке ашырылган 67 учурууну ишке ашырды.

Кытайдын жер орбитасында курган Тиенгонг космос станциясына быйыл адам башкарган эки каттам жана эки жүк ташуу каттамы жасалат.

Айдын караңгы тарабынан  таш жана топурак үлгүлөрүн чогултууну максат кылган "Чанг'и 6"  чалгындоо унаасы менен Айдын алыскы тарабы менен байланышты камсыздай турган "Куечяо 2" берүү спутниги 2024 - жылдын биринчи жарымында учурулат.

Кытай жана Франциянын өнөктөштүгү менен иштелип чыккан Variable Space Object Tracking Stellite (SVOM) жана Кытай - Италия өнөктөштүгү менен иштелип чыккан Кытайдын Сейсмо-Электромагниттик Спутниги (CSES) да быйыл космоско жөнөтүлөт.

CASC Long March ракеталарынын эки жаңы  модели Long March 12нин алгачкы учушун аткаруусун максат кылууда.

Бир тараптан өлкөнүн түштүгүндөгү Хайнан аралында жеке фирмалардын ишке кириши үчүн колдонула турган жаңы учуруу борборунун ишке берилиши пландалууда.

 

 



Тектеш кабарлар