БУУда Газадагы кыргын талкууланды

Швейцариянын Женева шаарындагы сессияда ок атышпоо, эмбарголордун жоюлушу, эки мамлекеттүү чечим жана гуманитардык жардамдын киришине уруксат берүү сыяктуу маселелер каралды.

2108796
БУУда Газадагы кыргын талкууланды

 Эл аралык адилеттик сотунан кийин БУУнун Адам укуктары кеңешинде да Газадагы кыргын талкууланды.

Швейцариянын Женева шаарындагы сессияда ок атышпоо, эмбарголордун жоюлушу, эки мамлекеттүү чечим жана гуманитардык жардамдын киришине уруксат берүү сыяктуу маселелер каралды.

Жыйынга Түркиянын атынан тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылдыз катышты.

Ахмет Йылдыз : «Биринчи приоритет – ок атышууну токтотуу, барымта алмашуу, жарандарды жана туткундарды алмашуу, андан кийин сүйлөшүү үстөлүнө кайтуу менен бирге Израил менен Хамастын ортосунда ок атышууну токтотуу»,-  деди.

Ахмет Йылдыз Израилдин Палестина жерлериндеги кыргындарына колдоо көрсөткөн өлкөлөрдү да сынга алып, кээ бир өлкөлөрдүн Израилге күч бергендигин белгиледи.

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ал-Малики да Тель-Авив башкаруусуна каршылык көрсөттү.  

«Израилдин  премьер - министри Биньямин Нетаньяху палестиналыктарды өлтүрүүнү улантууну каалайт”,- дегенин колдонгон  Израилдин Газаны жашоого болбой турган абалга келтирүүгө аракет кылганына көңүлдөрдү бурду.

Палестинанын тышкы иштер министри Нетаньяху токтотулбаса, аймакта абалдын начарлай тургандыгын баса белгиледи.  

7-октябрдан бери эл ачка калууга мажбур болгон блокададагы Газа тилкесинде Израиль армиясынын кол салууларында каза болгондор акыркы 24 саатта 76 кишиге көбөйүп, 29 миң 954кө жетти.



Тектеш кабарлар