БУУ : "Газада калктын төрттөн бир бөлүгү ачарчылыктын босогосунда"

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде «Куралдуу кагылышууларда жарандардын коргоого алынышы» деген темада Газадагы азык-түлүк коопсуздугун туудурган тобокелдиктер талкууланды.

2108390
БУУ : "Газада  калктын төрттөн бир бөлүгү ачарчылыктын босогосунда"

Газа тилкесинде бардык калктын азык  - түлүк жардамына муктаж экендиги, төрттөн бир бөлүгүнүн ачарчылыктын босогосунда экендиги билдирилди.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде «Куралдуу кагылышууларда жарандардын коргоого алынышы» деген темада Газадагы азык-түлүк коопсуздугун туудурган тобокелдиктер талкууланды.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы директорунун орун басары Маурицио Мартина : «Бүгүн Газа калкы кагылышуудан улам коркунучтуу көлөмдө азык  - түлүк коопсуздугу жана жогорку ачарчылык коркунучу менен бетме  - бет»,- деп эскертти.

Израиль  9 -  октябрдан бери улантып келе жаткан курчоонун тамак-аш азыктары, электр энергиясы жана күйүүчү майларды толугу менен үзгөнүн же чектөө киргизгендигин белгилеген Мартина ошол эле учурда сууга киргизген чектөөнүн да уланып жаткандыгын белгиледи.

Мартина аймакта кагылышуулар башталган  7 -  октябрдан мурдагыга караганда  суу менен камсыз кылуунун 7 пайызга азайгандыгын баса белгилеп : «Газадагы  жер астындагы суунун 97 пайызы адамдардын колдонуусу үчүн жараксыз»,-деди.

Мартина кагылышуулардын токтошу жана гуманитардык жардамдардын жеткирилиши ачарчылыкка тоскоол болуу үчүн керек болгон кадамдар экендигин баса белгиледи.

Дүйнөлүк азык  - түлүк программасынын аткаруу директорунун орун басары Карл Скау : «Бүгүн Газада дээрлик  2,2 миллион калктын баары азык -  түлүк жардамына муктаж»,- деди.

Скау ок атышпоо келишими түзүлө турган болсо Дүйнөлүк азык  - түлүк программасынын операцияларын кеңейтүүгө даяр экендигин белгилеп : «Ачарчылык коркунучу Газага азык  - түлүк продуктыларынын жетишсиздиги менен күчөйт»,- деди.

Скау ачарчылыкка бөгөт болуу үчүн дагы көп азык  - түлүккө муктаждыктын бар экендигин баса белгилеп, саламаттыкты сактоо  жана башка кызматтардын кайрадан курулушу керектигин билдирди.

Буларды БУУнун Качкындарга Жардам Агенттигинин (UNRWA) гана жасай ала турганына көңүл бурган Скау, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2018 - жылы кабыл алынган 2417 номердүү чечимдин кагылышуу жана  азык - түлүк коопсуздугунун ортосундагы катаал циклди бузууну максат кылганын эске салды.

Скау : «Кеңешке бүгүн бул чечимди ишке ашырууга чакырабыз»,- деди.

БУУнун гуманитардык координациялык кеңсесинин (OCHA) Женевадагы өкүлү жана координация бөлүмүнүн директору Рамеш Раджасингхам Газанын түндүгүндө эки жашка чейинки ар бир алты баланын биринин ачкачылык менен күрөшүп жатканын айтты.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши  мүчө өлкөлөр жана эл аралык коомчулуктун кадам таштабастан керектүү жардамдардын берилишинин мүмкүн болбой тургандыгын белгилеген Раджасингхам : «Ушул себептен ок атышпоо чакыруубузду кайталайбыз. Эгер чара көрүлбөсө, Газада кеңири жайылган ачарчылык жана мындан ары адамдардын өлүмүнөн сөз болушунан кооптонуп жатабыз. 7 - октябрдан бери болуп жаткан кагылышуу 30 миңге жакын адамдын өмүрүн алып, 70 миңге  жакын адамдын жараланышына себеп болду. Ошондуктан кеңештин  бул маселени тез арада карап чыгуусу керек»,- деди.  

 



Тектеш кабарлар