Австралиядагы токой өрттөрү

Австралиянын Виктория аймагында  22 -  февралда башталган токой өрттөрү «апаат» деңгээлине жетип, 30 миңге жакын киши жашаган аймакты эвакуациялоо талап кылынды.

2108599
Австралиядагы  токой өрттөрү

Австралиянын Виктория аймагында  22 -  февралда башталган токой өрттөрү «апаат» деңгээлге жетип, 30 миңге жакын киши жашаган аймакты эвакуациялоо талап кылынды.

«The Australian»  гезитинин кабарына караганда жетекчилер көзөмөлгө алына албаган токой өрттөрүнүн «апаат» деңгээлине жеткендигин билдирди.

Жетекчилер аймактын батышында жашаган  30 миңге жакын кишиге аймактан чукул түрдө чыгууга чакырышты.

Өзгөчө кырдаал маалыматтары жана эскертүүлөр тууралуу  маалыматтарды берген VicEmergency сайты да өрттүн барган сайын чоңойо тургандыгы боюнча эскертип, жолдордун жабылышы мүмкүн экендигин билдирди.

Виктория аймагынын батышында  22 -  февралда токой өртү чыгып, жетекчилер шамалдын өрттү түндүк чыгышка бургандыгын жана аймакка жакын отурукташуу жерлерин өрт коркунучу менен бетме  - бет экендигин билдирген.

Жетекчилер өрт башталган күндөн бери  19 миң  500 гектардан ашуун аянттын күлгө айлангандыгын билдиришкен.

Австралия Метеорологиялык бюросу да ысык жана шамалдуу аба ырайын алдын ала айтышкандарын ушул себептен  өрттүн  28 - февралда “апаат” деңгээлге жетүү коркунучунун бар экендигин баса белгилешкен.



Тектеш кабарлар