Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Берлинде жолугушат

Азербайжандын президенти Алиев менен Армениянын премьер - министри Пашинян 17 - февралда Германияда жолугушкан.

2107657
Армения менен Азербайжандын  тышкы иштер министрлери Берлинде жолугушат

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхан Байрамов менен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян 28 - 29 -  февралда Германиянын борбор шаары Берлинде жолугушат. 

Армениянын расмий маалымат агенттиги Арменпресстин тышкы иштер министрлигинин катчысы Ани Бадалянга таянып берген кабарына караганда Германиянын Мюнхен шаарында 17 -  февралда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер  -  министри Никол Пашиняндын берген көрсөтмөсү боюнча тышкы иштер министрлери Байрамов менен Мирзоян 28 - 29 -  февралда Берлинде тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн алкагында жыйын өткөрөт. 

Азербайжандын президенти Алиев менен Армениянын премьер - министри Пашинян 17 - февралда Германияда жолугушкан.

Тышкы иштер министрлерине тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жакын арада жолугушууну тапшырган Алиев менен Пашинян чек араны аныктоо комиссияларынын да тез арада чогулушун каалашкан.

Алиев менен Пашиняндын эки тараптуу жолугушуусунан мурда Германиянын канцлери Олаф Шольцтун катышуусунда үч тараптуу сүйлөшүү өткөрүлгөн.

 

 



Тектеш кабарлар