Путиндин Түркияга сапарына байланыштуу билдирүү

Песков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө, Путин менен президент Режеп Таййип Эрдогандын иш графигинин тыгыз экенине көңүл бурду.

2107575
Путиндин Түркияга сапарына байланыштуу билдирүү

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, президент Владимир Путиндин Түркияга сапарынын 15-17-марттагы президенттик шайлоого чейин болбой турганын билдирип: «Бирок жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр үчүн даярдыктар көрүлүп жатат», - деди.

Песков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө, Путин менен президент Режеп Таййип Эрдогандын иш графигинин тыгыз экенине көңүл бурду.

Песков: «Сапар шайлоого чейин (15-17-мартта) болбойт. Путиндин шайлоого чейин тыгыз жана түйшүктүү графиги бар. Эрдогандын графиги да тыгыз. Бирок жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө даярдыктар көрүлүүдө. Бул сүйлөшүүлөр эки жетекчинин графигине ылайыктуу түрдө киргизилет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар