Навальныйдын сөөгү үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилди
Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш социалдык тармактагы баракчасынан: «Алексейдин сөөгү апасына жеткирилди. Муну биз менен бирге сурангандардын баарына ыраазычылык билдирем»,-деди.
Өткөн аптада Орусияда түрмөдө каза болгон орусиялык диссидент Алексей Навальныйдын сөөгү үй-бүлөсүнө жеткирилди.
Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш социалдык тармактагы баракчасынан: «Алексейдин сөөгү апасына жеткирилди. Муну биз менен бирге сурангандардын баарына ыраазычылык билдирем»,-деди.
Ярмыш орус администрациясынын Навальныйдын жаназасына тоскоол болбойт деген үмүтүн билдирди.
Орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 2021-жылдын 17-январында Германиянын борбору Берлинде дарылангандан кийин борбор шаар Москвага кайтып келери менен аба майданында кармалып, камакка алынган.
Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын өтүнүчү боюнча Навальныйга каршы 2021-жылдын 2-февралында Москва шаардык сотуна козголгон иш бүтүрүлүп; Мурда коррупция боюнча козголгон 3,5 жылга шарттуу кесилген Навальный соттук көзөмөлдүн шарттарын аткарбады деген жүйө менен кадимки абакка кесилген.
Орус соту 2023-жылдын августунда абакта жаткан Навальныйды экстремисттик коомчулукту түзгөнү үчүн 19 жылга эркинен ажыраткан.
Навальный 2022-жылдын январында Орусияда терроризм жана экстремизм менен байланышы бар адамдардын тизмесине киргизилген.
Жаза аткаруу федералдык кызматынын 16-февралда абактагы Навальный абакта каза болгонун жана өлүмдүн себеби иликтене турганын билдирген.