Испанияда чыккан өрттө 10 киши каза болду

Кампанар районундагы 14 кабаттуу жана 138 батирлүү имаратта чыккан өрт көп өтпөй жанындагы имаратка да өттү.

2106837
Испанияда чыккан өрттө 10 киши каза болду

Испаниянын Валенсия шаарындагы көп кабаттуу имараттан чыккан өрттө  10 киши каза болуп, 15 киши жабыркады. 

Кампанар районундагы 14 кабаттуу жана 138 батирлүү имараттан чыккан өрт көп өтпөй жанындагы имаратка да өттү.

Окуяда  10 киши каза болуп,  15 киши жабыркады. 

Валенсия муниципалитети өрттө каза болгондордун элесине  шаарда  3 күндүк аза күтүү жарыялады. Жетекчилер чыгуу себеби азырынча белгисиз, бош бир батирде чыккан өрттүн имаратта колдонулган полиуретан каптоочу  материалдардан улам кыска убакытта  138  батирдин баарына жайылгандыгын белгилешти. 

Испаниянын премьер - министри Педро Санчес X аркылуу билдирүүсүндө : "Валенсиядагы имаратта чыккан коркунучтуу  өрттөн жабыркаган бардык адамдарга тилектештигимди жана окуя болгон жердеги бардык тез жардам кызматкерлерине ыраазычылык билдиргим келет",- деди.

 



Тектеш кабарлар