Суданда холера эпидемиясы

Судандын саламаттыкты сактоо министри Мухаммед Ибрахим өлкөдө холерага чалдыккандардын санынын көбөйгөнүнө көңүл бурду.

2106677
Суданда холера эпидемиясы

Суданда армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы жарандык согуш 2023-жылдын апрель айынын ортосунан бери уланып жатканда, аныкталган холера оорусунун саны 10 миңден ашты.

Судандын саламаттыкты сактоо министри Мухаммед Ибрахим өлкөдө холерага чалдыккандардын санынын көбөйгөнүнө көңүл бурду.

12 облуста холера оорусунун аныкталганын белгилеген Ибрахим, жуктургандардын санынын 10 миң 800гө жеткенин бөлүштү.

Кагылышуунун алгачкы күндөрүндө эпидемиянын кээ бир аймактарда байкалганын түшүндүргөн Ибрахим, анын барган сайын жайылганын айтты.

Ибрахим, холерага каршы эмдөө акциясынын 2023-жылдын ноябрь жана декабрь айларында башталганын, бирок кагылышуулардан улам келип чыккан коопсуздук көйгөйлөрүнүн себебинен эпидемиянын алдын алынбаганын билдирип: «Алдыдагы күзгө чейин жаңы учурларды көрбөйбүз деп үмүттөнөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар