Путин Байдендин орой сөздөрүнө байланыштуу билдирүү жасады

Путин Россиянын мамлекеттик каналы Россия  - 1ге берген билдирүүсүндө Жо Байдендин шайлоо компаниясы тууралуу өзүнө карата орой сөздөрдү  колдонушуна «кыйыр түрдө» баа берди.

2106665
Путин Байдендин орой сөздөрүнө байланыштуу билдирүү жасады

Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Жо Байдендин өзүнө карата орйо сөздөрдү камтыган билдирүүлөрүнүн Москванын эмне себептен АКШнын президенти катары Дональ Трамптын ордуна аны тандаганынын далили экендигин айтты.

Путин Россиянын мамлекеттик каналы Россия  - 1ге берген билдирүүсүндө Жо Байдендин шайлоо компаниясы тууралуу өзүнө карата орой сөздөрдү  колдонушуна «кыйыр түрдө» баа берди.

Бир канча убакыт мурда АКШнын президенти катары Дональд Трамптын ордуна Байденди тандаганына карата билдирүү жасагандыгы эске салынган Путин күлүмсүрөп : «Ар бир президент менен бирдикте иштейбиз дедим бирок Байдендин Россия үчүн өзгөчө экендигин ойлоп жаткам. Айткандарына карай турган болсок мен абдан туурамын, анткени бул менин сөздөрүмө ылайыктуу реакция»,- деди.

Путин Байдендин өзүнө ыракмат айтпай тургандыгын белгилеп : « Мага азамат Володия, мага жардамчы болгонуң үчүн ыракмат» деп айта албайт. Ички саясат жагынан ал жерде эмнелердин болгондугун түшүнүп жатабыз жана бул толугу менен туура реакция, ошондуктан мен туурамын",- деди.  

The Hill гезитинин жазганына караганда, АКШнын президенти Байден  шайлоо кампаниясынын алкагында  Калифорния штатынын Сан-Франциско шаарында  катышкан кайрымдуулук иш-чарасында орус президенти Путинге карата орой сөздөрдү айткан.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Байдендин Путинге карата акаарат келтирген сөздөрүн "менменсинүү" жана "уялтуучу" экендигин белгилеген.

 

 



Тектеш кабарлар