Кытайда жүк ташуучу кеме көпүрөгө урунду
Кырсыктан 2 адам каза болуп, кеменин капитаны суракка алынды.
2106474
Кытайдын Гуанкоу шаарындагы Перл дарыясында жүк ташуучу кеме Лишинша көпүрөсүнүн тирөөчтөрүнө урунушунун себебинен ортоңку бөлүгүнүн урап калышынан алдын ала маалыматтарга караганда 2 адам каза болду.
Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, кырсык учурунда жүргүнчү ташыган автобус менен мотоцикл да арасында болгон 5 унаанын үчөөсү сууга, экөөсү болсо көпүрөнүн мамычаларынын ортосуна тыгылып калган кеменин үстүнө кулады.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан 2 адам каза болуп, кеменин капитаны суракка алынды.
Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.