Британиядан Россияга санкция

Британия Украина менен согушунда экинчи жылын толтурган Россияга маанилүү киреше булактарын бутага алган жаңы санкция пакетин ишке ашырарын билдирди.

2106548
Британиядан Россияга санкция

 Британия Украина менен согушунда экинчи жылын толтурган Россияга маанилүү киреше булактарын бутага алган жаңы санкция пакетин ишке ашырарын билдирди.

Британиянын Тышкы иштер министрлиги  Россия - Украина согушунун экинчи жылына эки күн калганда жасаган билдирүүсүндө Россияга 50дөн ашуун адам жана уюмду камтыган санкциялардын киргизиле тургандыгын билдирди.

Билдирүүдө санкциянын Британиянын Украинага чексиз колдоосун көрсөткөнү белгиленди.

Санкциялардын ракета атуу системалары, ракеталар жана жардыргыч заттар сыяктуу ок-дарыларды бергендерге басым жасай турганы, ошондой эле Россиянын маанилүү киреше булактарын бутага ала турганы, металл, алмаз жана энергия соодасын чектөө жана анын каржылоосун ар тараптан үзөрү билдирилди.

Билдирүүдө баа берүүлөрүнө орун берилген  Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон: «Эл аралык экономикалык кысымыбыз Россиянын бул мыйзамсыз басып алуусун каржылай албайт дегенди билдирет. Санкцияларыбыз Россиянын президенти Владимир Путинди согушту каржылоо үчүн  муктаж болгон булактардан ажыратууда",- деди.



Тектеш кабарлар