АКШдагы шайлоо сурамжылоосу

Маркетт юридикалык факультети, 5-ноябрда боло турган президенттик шайлоодо талапкерлердин абалына байланыштуу 5-15-февраль аралыгында жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады.

2106305
АКШдагы шайлоо сурамжылоосу

АКШда быйыл өткөрүлө турган президенттик шайлоого байланыштуу жүргүзүлгөн сурамжылоодо Республикалык партиянын талапкери жана мурдагы президент Дональд Трамптын ат салышууда жеңишке жете турганы белгиленди.

Маркетт юридикалык факультети, 5-ноябрда боло турган президенттик шайлоодо талапкерлердин абалына байланыштуу 5-15-февраль аралыгында жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады.

Буга ылайык, катталган шайлоочулардын 51 пайызы Трампка добуш берерин билдиришсе, Байденди тандагандардын көрсөткүчү 49 пайызда калды.

Ыктымалдуу шайлоочулар эске алынганда Трамптын добушу бир пунктка көбөйүп 52 пайызды түздү, ал эми Байдендин добушу бир пунктка төмөндөп 48 пайыз болду.

Сурамжылоого катышкандар, АКШнын БУУдагы мурдагы элчиси жана Түштүк Каролина штатынын мурдагы губернатору Никки Хейли президенттикке талапкер болгон учурда Республикалык партияны 58 пайыз колдой турганын айтышса, Байдендин добушу бул теңдемеде 42 пайызга төмөндөдү.

Президенттикке талапкер тууралуу суроого республикачылардын 73 пайызы «Трамп», 15 пайызы «Хейли» деп жооп беришти.

Демократтардын алдын ала шайлоосуна байланыштуу сурамжылоо суроосунда болсо Байденди тандагандар 66 пайыздык үстөмдүк кылганы менен шайлоочулардын 27 пайызы арсар экенин айтышты.



Тектеш кабарлар