АКШ 1972-жылдан бери биринчи жолу Айга конду

Odysseus 15-февралда АКШнын Флорида штатындагы Кеннеди космостук борборунан SpaceX чыгарган Falcon 9 ракетасы менен учурулган.

2106384
АКШ 1972-жылдан бери биринчи жолу Айга конду

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) 1972-жылдан бери биринчи жолу "Odysseus" космостук кемеси менен Айга конду.

АКШнын Улуттук аэронавтика жана космостук агенттигинин (NASA) веб-сайтындагы түз эфирде, Intuitive Machines компаниясынын "IM-1" миссиясынын алкагында SpaceX чыгарган Falcon 9 ракетасы менен космоско жөнөтүлгөн Odysseusтун, Түркия убактысы боюнча саат 02.23тө Айдын түштүк уюлуна жакын жерге конгону маалымдалды.

НАСАнын социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүдө да "Буйрутмаңыз Айга жеткирилди" деп айтылып, космостук кеменин Айга конушу Intuitive Machines компаниясынын баракчасынан болсо "Odysseusтун жаңы үйү бар" деп жарыяланды.

НАСАнын жетекчиси Билл Нелсон түз эфирде «Бүгүн жарым кылымдан ашык убакыттан бери биринчи жолу АКШ Айга кайтты. Бүгүн НАСАнын коммерциялык өнөктөштүктөрүнүн күчүн жана убадасын көрсөткөн күн»,- деди.

Конгондон 15 мүнөт өткөндөн кийин сигнал жөнөтө баштаган Odysseus, 50 жылдан ашуун убакыттан бери Айдын бетине конгон биринчи жеке фирмалык космос кемеси болду.

Odysseus конушу менен 1972-жылы "Аполлон 17" миссиясынан кийин Айдын бетине жумшак конгон биринчи жеке менчик америкалык космос кемеси катары тарыхта калды.

Odysseus 15-февралда АКШнын Флорида штатындагы Кеннеди космостук борборунан SpaceX чыгарган Falcon 9 ракетасы менен учурулган.

4,3 метр бийиктиктеги алты буттуу аппарат NASAнын Артемида миссиясынын алкагында колдонууну пландаган 6 башка эксперимент үчүн да жүк ташып жаткан.

НАСА бир нече жылдын ичинде Айга адамдарды жөнөтүү пландарынын алкагында Айга ташууларды коммерциялаштыруу аракеттеринин бир бөлүгү катары, Odysseusту куруусу жана учуруусу үчүн Intuitive Machines компаниясына 118 миллион доллар төлөгөн.



Тектеш кабарлар