Венесуэладагы кырсык: 30 адам каза болду

Жетекчилер Боливар штатынын Ангостура шаарындагы мыйзамсыз иштетилген алтын кенинин урап түшкөнүн кабарлашты.

2105716
Венесуэладагы кырсык: 30 адам каза болду

Венесуэлада мыйзамсыз иштетилген алтын кенинин урашынан алгачкы маалыматтарга караганда 30 адам каза болуп, 100дөн ашуун адам топурактын астында калды.

Жетекчилер Боливар штатынын Ангостура шаарындагы мыйзамсыз иштетилген алтын кенинин урап түшкөнүн кабарлашты.

Шаарга тик учак менен издөө-куткаруу топтору жөнөтүлдү.

Окуяда 30 кишинин каза болгону, 100дөн ашуун кишинин да чыга албай калганы маалымдалды.

Боливардын жарандык коопсуздук боюнча мамлекеттик катчысы Эдгар Колина Рейес басма сөзгө берген билдирүүсүндө, көз карандысыз комиссиянын аймакка жөнөгөнүн жана окуя боюнча кеңири иликтөөнүн башталганын жарыялады.

Венесуэла басма сөзүндө орун алган кабарларда, уроонун жер көчкүдөн улам болгондугу, канча кишинин жер астында калганынын так билинбегени айтылды.

Бразилия чек арасындагы Боливар штаты алтын, алмаз, темир, боксит жана колтандын бай запастары менен белгилүү.



Тектеш кабарлар