Навалный тууралуу Россияга карата каршы чыгуулар уланууда

Италияда Россиянын Римдеги элчиси Алексей Парамонов орус оппозициячыл Алексей Навалныйдын  абактагы өлүмүнөн улам тышкы иштер министрлигине чакырылды.

2105979
Навалный тууралуу Россияга карата каршы чыгуулар уланууда

Италияда Россиянын Римдеги элчиси Алексей Парамонов орус оппозициячыл Алексей Навалныйдын  абактагы өлүмүнөн улам тышкы иштер министрлигине чакырылды. 

Италиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Вице  - премьер  - министр жана тышкы иштер министри Антонио Тажаниндин көрсөтмөсү менен Россиянын Римдеги элчиси Алексей Навалныйдын камактагы трагедиялуу өлүмүнөн улам министрликке чакырылды. Элчи Алексей Парамоновго саясий аракеттер жана коррупция менен күрөшүнөн улам оор шарттар астында абак жазасына тартылган Навалныйдын каза болушуна байланыштуу Италиянын бардык шарттарды ачыкка чыгарууну күтүп жаткандыгы билдирилди",- деп айтылды. 

Билдирүүдө : "Эркиндик жана демократия сыяктуу баш тартылгыс баалуулуктарды жактаган Италия башка европалык өнөктөштөрү менен Россияны саясий оппозициячылдарга карата кабыл алынгыс зулумчулукту акырына чыгарууга, жарандык жана саясий укуктарда эч кандай чектөөлөрсүз сөз эркиндигине кепилдик берүүгө чакырууну улантат",- деген көз караш орун алды. 

Чехияда да Россиянын Прагадагы элчиси Александр Змеевский Навалныйдын өлүмүнө байланыштуу тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Дэниел Дрейк басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө : "Элчи Навалныйдын өлүмүнө байланыштуу маалыматтар жана жетекчилердин үй  - бүлөсүнө тапшырууну четке кагуусуна байланыштуу абалды билдирүү үчүн чакырылды",- деди. 

Европада Нидерландия, Норвегия, Швеция жана Британия сыяктуу өлкөлөр да Навалныйдын өлүмүнөн улам орус элчилерин тышкы иштер министрликтерине чакырышкан.

Россия түрмөлөрүнүн федералдык кызматы 16 - февралда камактагы оппозициячыл  Алексей Навалныйдын каза болгонун жана өлүм себеби иликтене турганын кабарлаган.

 



Тектеш кабарлар