Ливия-Түркия кесиптик билим берүү борбору боюнча долбоор жактырылды

Ливия өкмөтү Триполиде ачыла турган «Ливия-Түркия кесиптик билим берүү борбору» долбоорун бекитти.

2106233
Ливия-Түркия кесиптик билим берүү борбору боюнча долбоор жактырылды

Ливия өкмөтү техникалык жана кесиптик билим берүү министрлиги менен Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) биргеликте борбор шаар Триполиде ачыла турган «Ливия-Түркия кесиптик билим берүү борбору» долбоорун бекитти.

Долбоорду бекитүү боюнча өкмөттүн токтому чыкты.

ТИКАнын Триполидеги координатору Али Суха Бажанакгил Ливия-Түркия кесиптик билим берүү борборун ачуу аракетинин көптөн бери уланып жатканын, өкмөттүн токтому менен укуктук инфраструктурасы түзүлгөнүн айтты.

Ливиядагы квалификациялуу орто кадрларга болгон муктаждыкка салым кошуу жана жаштардын өнөрлөрүн өркүндөтүү максатында ушундай бир долбоорду иштеп чыккандарын белгилеген Бажанакгил, Триполидеги борбордун пилоттук долбоор болорун жана Ливиянын бүт тарабына жайыла турганын айтты.

Бажанакгил борбордо муздаткыч жана кондициялоо, унаа, лифт системалары, электрик жана механиктен турган 5 багыт боюнча билим берилерин билдирди.

 



Тектеш кабарлар