Эрдоган : "KAANды 2028 - жылы тапшырабыз"

5 -  муундагы аскердик учак  KAANдын биринчи учушун ийгиликтүү аткаргандыгын белгилеген Эрдоган : "2028 -  жылдын акырында  KAANдын аба күчтөрүбүзгө  кошууну пландап жатабыз",- деди.

2106216
Эрдоган : "KAANды 2028 -  жылы тапшырабыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган жергиликтүү жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылган  5 -  муундагы аскердик учак KAANды 2028 - жылдын акырында аба күчтөрүнө тапшырууну пландагандарын айтты. 

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) лидери  Эрдоган, партиясы Денизлиде уюштурган митингде сөз сүйлөдү. Акыркы жылдары коргонуу өнөр жайында чоң ийгиликтерге жетишкендерин баса белгилеген президент : "Кездешкен көптөгөн  тоскоолдукка, жашыруун, ачык эмбаргого карабастан бул тармакта өзүбүздү өнүктүрүүдөбүз",- деди. 

Эми террор менен күрөшүүдө колдонгон куралдардын көбүн чет өлкөдөн сатып албай тургандарын  белгилеген Эрдоган : "Бизге керектүү болгон бардык курал - жарактарды өзүбүздүн каражатыбыз менен чыгара алабыз, муну менен эле чектелбестен, аларды дос, боордош өлкөлөргө да экспорттой алабыз», - деди.

5 -  муундагы аскердик учак  KAANдын биринчи учушун ийгиликтүү аткаргандыгын белгилеген Эрдоган : "2028 -  жылдын акырында  KAANдын аба күчтөрүбүзгө  кошууну пландап жатабыз",- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар