Украина : "Орус армиясына таандык аскердик учакты атып түшүрдүк"
Украинанын аба күчтөрүнүн командири Николай Олещук Россиянын Су-34 үлгүсүндөгү аскердик учагын атып түшүрүшкөндөрүн билдирди.
Николай Олещук социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө Украина армиясынын Россиянын Су-34 үлгүсүндөгү аскердик учагын атып түшүргөнүн жарыялады.
Украинанын аба күчтөрү командирлигинен берилген билдирүүдө да бүгүн кечинде Россиянын бир С - 300 башкарылуучу ракетасы, бир Х-59 аба ракетасы жана 4 X - 22 канаттуу рактасы менен 19 "Шахед" үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппаратын колдонуп, Украина жерлерине чабуул жасагандыгы белгиленди.
Украинанын абадан коргоо күчтөрүнүн элементтери тарабынан Полтава аймагында Россияга таандык бир X-59 ракетасы менен Харьков, Днепропетровск, Запорожье жана Донецк аймактарынын үстүндө 13 "Шахед" учкучсуз учуучу аппаратынын жок кылынгандыгы билдирилген маалыматта атыла албаган учкучсуз учуучу аппараттардын да максатына жетпегендиги билдирилди.
Украинанын 17 - февралдан бери 6 орус аскердик учагын атып түшүргөндүгү маалымдалган.