Швециянын премьер-министри Венгрияга барат

Жолугушуулардан кийин Кристерссон менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын биргелешкен маалымат жыйынын өткөрө тургандары белгиленди.

2105295
Швециянын премьер-министри Венгрияга барат

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүгүн сүйлөшүү үчүн 23-февралда Венгрияга барат.

Швеция өкмөтүнүн билдирүүсүндө, сапардын күн тартибинде НАТО мүчөлүгү баш болгон Венгрия менен Швециянын коопсуздук жана коргонуу тармагындагы кызматташтыгын арттыруу темасынын бар экени айтылды.

Жолугушуулардан кийин Кристерссон менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын биргелешкен маалымат жыйынын өткөрө тургандары белгиленди.

Венгрияда бийликтеги Фидес партиясы кечээ парламентке Швециянын НАТОго мүчөлүгүн 26-февралда добушка коюу сунушун киргизген.

Түркия Швециянын НАТОго мүчөлүгүн бекиткенден кийин көңүл чордону Венгрияга бурулган.

Венгриянын премьер-министри Орбан 23-январда X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө: «Швециянын НАТОго кошулушуна карата сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн премьер-министр Ульф Кристерсонго Венгрияга келүүгө чакыруу катын жөнөттүм»,-деген болчу.



Тектеш кабарлар