Путин космоско өзөктүк куралдын жайгаштырылышына каршы экендиктерин билдирди

Владимир Путин борбор шаар Москвада Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушууда билдирүү жасады.

2105207
Путин космоско өзөктүк куралдын жайгаштырылышына каршы экендиктерин билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин космоско өзөктүк куралдын жайгаштырылышына каршы экендиктерин билдирди.

Владимир Путин борбор шаар Москвада Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушууда билдирүү жасады.

орус армиясынын Донецк облусундагы Авдиевка шаарын «ийгиликтүү» көзөмөлгө алганын билдирген Путин:«Бул ийгиликти мындан ары да өнүктүрүү керек. Бирок бул кадамдар жакшы даярдалып, персонал, курал-жарак, техника жана ок-дарылар менен камсыз болушу керек»,-деп айтты.

Путин Крынки деп аталган отурукташуу жеринин да орус армиясынын көзөмөлүнө алынганын белгиледи.

Украина боюнча сүйлөшүүдөн баш тартпагандарына көңүл бурган Путин: «Биз дайыма сүйлөшүүлөрдү жактадык. Мен буга чейин жүздөгөн жолу айттым, биз диалогду токтотпойбуз. Лондон менен Вашингтондун түздөн-түз көрсөтмөсү менен диалогду үзгүлтүккө учураткан украин тарап болду»,-деп айтты.

Путин Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) басма сөзүндөгү «Орусия космоско өзөктүк куралын жайгаштырууну пландап жатат» деген айыптоолорго байланыштуу буларды айтты: «Биздин позициябыз ачык жана айкын. Биз космосто өзөктүк куралдын жайгаштырылышына ар дайым каршы болуп келгенбиз жана карама-каршыбыз. Биз бул жаатта түзүлгөн бардык келишимдерди сактоону гана эмес, биргелешкен ишти күчөтүүнү дагы бир нече жолу сунуштаганбыз».

Шойгу да ошондой эле Орусиянын космоско өзөктүк куралды жайгаштыруу долбоору жок экенин айтып:«Алар (АКШ) муну билишет, бирок алар дагы эле ызы-чуу чыгарып жатышат. Украина үчүн гана эмес, Орусияны стратегиялык жактан жеңүү үчүн, сенаторлорду жана конгресстин мүчөлөрүн коркутуу жолу менен каражатты чогултууну камсыз кылууну каалашат»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар