Петтери Орпо: «Өлкөнүн аймагында АКШнын өзөктүк куралына муктаждык жок»

Петтери Орпо Польшада чыккан Rzeczpospolita гезитине берген маегинде 2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна баа берди.

2104823
Петтери Орпо: «Өлкөнүн аймагында АКШнын өзөктүк куралына муктаждык жок»

Финляндиянын премьер-министри Петтери Орпо өлкөнүн аймагында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) өзөктүк куралына муктаждык жок деп билдирди.

Петтери Орпо Польшада чыккан Rzeczpospolita гезитине берген маегинде 2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна баа берди.

Премьер-министр Орпо АКШнын өзөктүк куралын өз өлкөсүнүн аймагында кабыл алабы деген суроого: «Мунун кереги жок, анткени НАТО өзөктүк сестентүүнү мурдатан эле камсыздап келет»,-деп жооп берди.

НАТОнун 31-мүчөсү катары 4-апрелде альянска кошулган Финляндия декабрда АКШ менен «Коргоо кызматташтыгы келишимине» кол койгон.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бул келишим анын өлкөсүнүн трансатлантикалык коопсуздукту чыңдоо боюнча ар тараптуу аракеттеринин акыркы үлгүсү экенине көңүл буруп, «Бүткүл Европа континентинде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылган тармакты түзүшкөнүн» белгилеген.



Тектеш кабарлар