Евробиримдик Орусияны жазалаш керек деп эсептейт

Каза болгон орусиялык диссиденттин жубайы Юлия Навальная да катышкан жолугушуудан кийин жасалган билдирүүдө, «Евробиримдик Орусиянын саясий лидерлерин жазалоо үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүнү көздөөдө. Бул санкцияларды камтыйт»,-деп айтылат.

2104929
Евробиримдик Орусияны жазалаш керек деп эсептейт

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде чогулган Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери диссидент Алексей Навальныйдын өлүмү үчүн орус администрациясын жазалоо үчүн эмне керек болсо жасала турганын билдиришти.

Каза болгон орусиялык диссиденттин жубайы Юлия Навальная да катышкан жолугушуудан кийин жасалган билдирүүдө, «Евробиримдик Орусиянын саясий лидерлерин жазалоо үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүнү көздөөдө. Бул санкцияларды камтыйт»,-деп айтылат.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок Евробиримдик өлкөлөрү Орусияга каршы санкциялар пакети боюнча тез арада макулдашууга жетише тургандарын үмүттөнөрүн билдирди. Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү тараткан маалыматка караганда, бул биргелешкен чечим шаршемби күнү кабыл алынышы мүмкүн.

Евробиримдиктин дипломатиялык комиссары Жозеп Боррелл Алексей Навальныйдын өлүмүнө ачууланганын айтып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен орус администрациясы жоопкер экенин айтты. Боррел ошондой эле россиялык диссиденттин жубайы Юлия Навальнаяга, анын балдарына, досторуна жана аны менен бирге өз өлкөсүнүн жыргалчылыгы үчүн аракет кылган соттолуучуларга көңүл айтты.

Литванын тышкы иштер министри Габриелиус Ландсбергис Европанын Орусияга каршы санкцияларынын маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Эгер Украина кулап калса, кезек бизге келет. Путин токтоону пландабайт жана токтобойт д », - деди ал.

Евробиримдик 2 жылдан бери уланып жаткан Украина согушу башталгандан бери Орусия менен соода көлөмүнүн болжол менен 135 миллиард еврого кыскарганын жарыялады. Азайышына коргонуу, энергетика, авиация, транспорт жана каржы тармактарында киргизилген санкциялар себеп болууда.



Тектеш кабарлар