Финляндия жана Швеция өлкөлөрүндөгү орус элчилерин тышкы ишрет министрликтерине чакырышты

Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги орус дипломатын министрликке чакырып "(Навальныйдын өлүмү үчүн) Россиянын жооптуу экенин баса белгилеп, ачык иликтөөнү талап кылышкандарын" билдирди.

2104854
Финляндия жана Швеция өлкөлөрүндөгү орус элчилерин тышкы ишрет министрликтерине чакырышты

Финляндия жана Швеция өлкөлөрүндөгү орус элчилерин орус оппозициячыл  Алексей Навалныйдын абакта каза болгондугуна байланыштуу тышкы иштер министрликтерине чакырышты.

Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги орус дипломатын министрликке чакырып "(Навальныйдын өлүмү үчүн) Россиянын жооптуу экенин баса белгилеп, ачык иликтөөнү талап кылышкандарын" билдирди.

Билдирүүдө : «Россиядагы бардык саясий туткундарды эркин бошотууга чакырууну улантабыз»,- деп айтылды.

Швециянын Тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем да Навальныйдын өлүмү боюнча Европа Биримдигинин чара көрүшү керектигин белгиледи.

Биллстрем  билдирүүсүндө : «Европа Биримдиги Россиядагы  саясий репрессияларга каршы аракет кылышы керек. Бул өзгөчө Навальныйдын Россияда түрмөдө каза болгондон кийин маанилүү",- деди.

Министр Биллстрем Швециянын Европа Биримдигинин Россияга  каршы жаңы санкция мүмкүнчүлүктөрүн иликтөө демилгесин көтөргөнүн белгиледи.

Россиянын түрмөлөрүнүн федералдык кызматы Алексей Навальныйдын 16 - февралда абакта каза болгонун жана анын өлүмүнүн себеби иликтене тургандыгын маалымдаган.

Август айында орус соту абакта жаткан Навальныйды экстремисттик коомчулукту түзүү деген негиз менен  дагы 19 жылга эркинен ажыраткан.



Тектеш кабарлар