Ооганстанда жер көчкү жана кар көчкү: 27 адам каза тапты

Ооганстандын Убактылуу өкмөтүнүн Табигый кырсыктар боюнча мамлекеттик министрлигинин басма сөз катчысы Молла Канан Саик маалымат берди.

2104377
Ооганстанда жер көчкү жана кар көчкү: 27 адам каза тапты

Ооганстандын Нуристан жана Панжшир провинцияларында калың жааган кардан пайда болгон жер көчкү жана кар көчкүлөрдүн кесепетинен алгачкы маалыматтарга караганда 27 адам каза тапты.

Ооганстандын Убактылуу өкмөтүнүн Табигый кырсыктар боюнча мамлекеттик министрлигинин басма сөз катчысы Молла Канан Саик, Нуристан провинциясында түнү бою жааган калың кардын Нурграм районундагы Тетрин өрөөнүндө жер көчкү жана кар көчкүгө алып келгенин билдирди. 

Апааттын кесепетинен көп сандаган үйдүн кар көчкү жана топурактын астында калганын белгилеген Саик, издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын, ушул убакка чейин 25 кишинин сөөгүн тапкандарын, 8 кишинин да жаракат алганын айтты.

Бир тараптан Панжшир провинциясында кар көчкүдөн 2 шахта жумушчусу каза болуп, 1 жумушчу жаракат алды.

Ооганстандын борбордук жана түндүк аймактарына жааган кардан улам көптөгөн калктуу конуштарга жетүү мүмкүн болбой жатат. 

Аймакта кызматкерлердин жол ачуу иштери уланууда.



Тектеш кабарлар