БУУнун Катардагы Ооганстан темалуу жыйыны

Катардын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш да катышкан жыйында Ооганстандагы Талибан башкаруучулугунун орун албаганы белгиленди.

2104082
БУУнун Катардагы Ооганстан темалуу жыйыны

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстан темалуу жыйыны Катардын борбору Дохада башталды.  

Катардын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш да катышкан жыйында Ооганстандагы Талибан башкаруучулугунун орун албаганы белгиленди.

Катардагы Al Jazeera телеканалынын интернет сайтындагы кабарда, Ооган өкмөтү чакырылганына карабастан жыйынга катышуудан баш тартканы айтылды.   

БУУ тарабынан май айында Дохада өткөрүлгөн Ооганстан темалуу биринчи жыйынга болсо Талибан башкаруучулугу чакырылган эмес.



Тектеш кабарлар