Ооганстанда жер титирөө болду
Жер титирөө Ооганстандын түндүк провинцияларында жана коңшулаш Өзбекстан менен Түркмөнстанда сезилди.
2103905
Ооганстандын Балх провинциясында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы (USGS) жергиликтүү убакыт боюнча саат 15.50дө болгон 5 баллдык жер титирөөнүн эпицентринин провинциянын борбордук району Мазари Шарифтин 19 километр түштүк-батышында болгонун жарыялады.
Жер титирөө жер астындагы 10 чакырым тереңдикте болгон.
Жер титирөө Ооганстандын түндүк провинцияларында жана коңшулаш Өзбекстан менен Түркмөнстанда сезилди.