Жо Байден : "Навалныйдын өлүмүнөн Путин жооптуу"

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден орус оппозициячыл  Алексей Навальныйдын түрмөдөгү өлүмү үчүн Россиянын президенти Владимир Путиндин жооптуу экендигин айтты.

2103600

Байден Ак үйдө өткөргөн пресс - конференцияда  Навальныйдын өлүмүнө байланыштуу АКШнын  мамилеси жана мындан кийинки   ыктымалдуу мамилесине баа берди.

Навалныйдын каза болгондугу тууралуу кабарлардын туура эмес экендигИне ишенүү үчүн бир себептин жок экендигин айткан Байден : "Алексей Навалныйдын өлүмү тууралуу кабарларга таң калган жокмун жана кыжырдандым. Путин аны ууландырды, каматты жана сототту. Абакка камап, изоляциялады",- деди. 

Москванын Навалный тууралуу башка сөз айтаарын белгилеген Байден : "Навалныйдын өлүмүнөн Путин жооптуу",- деди. 

Байден Москвага буга чейин көп сандаган санкция киргизгендерин жана Навалныйдын өлүмү менен дагы жаңы санкциялардын болушу мүмкҮн экендигине көңүлдөрдү бурду. 

Россия  Федералдык түрмө кызматы абактагы оппозициячыл  Навальныйдын кечээ абакта каза болгондугун билдирген.

Тектеш кабарлар