НАСА галактикалар жана жылдыздардын пайда болушун изилдейт

Америка Кошмо Штаттарынын Авиациялык жана космостук агенттиги жаңы космостук миссиясынын негизинде  инфракызыл нурларды изилдөө менен галактикалардын жана жылдыздардын пайда болушун изилдөөгө даярданууда.

2103691

НАСАнын веб-сайтында жарыяланган билдирүүгө караганда, агенттик «Астрофизикалык орточо класстагы чалгындоо миссиясынын» алкагында моротеси нурларды изилдөө үчүн UVEX (UltraViolet EXplorer) космостук телескобун 2030 - жылы космоско жиберүүнү чечти.

UVEX телескопунун жардамы менен галактикалар, жылдыздар жана чоң жылдыздар изилденет.

НАСА билим миссиясынын директорлугунан Никола Фокс бул тууралуу : "UVEX телескобу галактикалардын табиятын жакшы түшүнүүгө жана ааламдагы өзгөрүүлөргө көз салууга жардам берет",- деп  баа берди.

Агенттиктин астрофизика департаментинин директору Марк Клампиндин айтымында, UVEX бир нече толкун узундуктарын жана ааламдагы убактылуу өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөөгө жардам берерин айтты.

Тектеш кабарлар