Эл аралык сот : Израиль дароо убактылуу чараларды ишке ашырышы керек

Эл аралык сот Израилдин Рефахка кол салуу планынан улам Түштүк Африка тарабынан талап кылынган жаңы чараларга байланыштуу чечимин жарыялады.

2103558
Эл аралык сот :  Израиль  дароо убактылуу чараларды ишке ашырышы керек

Эл аралык сот Газадагы абалдын абдан оор экенин жана Израилдин убактылуу чараларды дароо жана эффективдүү ишке ашыруусу керектигин билдирди.

Эл аралык сот Израилдин Рефахка кол салуу планынан улам Түштүк Африка тарабынан талап кылынган жаңы чараларга байланыштуу чечимин жарыялады.

Чечим тууралуу берилген жазуу түрүндөгү маалыматта соттун 2024 -  жыл  26 -  январда сот тарабынан чыгарылган алты чаранын Рафах менен бирге Газа тилкесинин бардыгында күчүндө экендиги белгиленип  «коргоо чараларынын дароо жана эффективдүү түрдө ишке ашырылышы керектиги» белгиленди.

Газа тилкесиндеги жана өзгөчө Рефахтагы акыркы абалдарды «абдан оор» деп мүнөздөгөн сот  Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысы Антонио Гутеррештин Израилдин Рефахка кол салуу даярдыктары тууралуу : «Учурдагы гуманитардык коркунучтуу түш абдан олуттуу»,-деди.

Маалыматта соттун 2024 -  жыл  26 -  январда чыгарган алдын ала тыюу салуу чечимдеринин Рефах баш болгон Газа тилкесинин бардыгында күчүндө экени баса белгиленип, кошумча чара көрүүнүн кереги жоктугу айтылды. 

Сот Израилдин Газа тилкесиндеги палестиналыктардын коопсуздугун камсыздоодо милдеттүү экенин баса белгилеп, геноцид конвенциясына жана сактык чараларына толук баш ийүүсү керектигин эскертти.

 



Тектеш кабарлар