Нетаньяху Катардын өтүнүчүн четке какты

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) директору Вильям Бернс премьер-министр Нетаньяхуга Катардын Газа тилкесиндеги палестиналыктарга гуманитардык жардамды көбөйтүү талабын билдирди.

2103245
Нетаньяху Катардын өтүнүчүн четке какты

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Катардын Газа тилкесиндеги палестиналыктарга гуманитардык жардамды көбөйтүү боюнча өтүнүчүн талкуулоодон баш тартты.  

Израилдин Канал-12 телекөрсөтүүсүндөгү кабарга караганда, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) директору Вильям Бернс премьер-министр Нетаньяхуга Катардын Газа тилкесиндеги палестиналыктарга гуманитардык жардамды көбөйтүү талабын билдирди.

Нетаньяхунун Газадагы израилдик туткундардын аларга жөнөтүлгөн дары-дармектерди алгандыгы тууралуу далилдерге жеткенге чейин бул теманы талкуулоодон баш тартканы айтылган кабарда, башка маалыматтар берилген жок.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында кеминде 12 миң 300ү бала, 8 миң 400ү аял жалпы 28 миң 663 палестиналык каза болуп, 68 миң 395 киши жараланды.  



Тектеш кабарлар