НАТО жана Европа Биримдигинен Мюнихте биргелешкен билдирүү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана Европа Биримдиги комиссиясынын төрайымы  Урсула фон дер Ляйен Украинага туруктуу колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

2103530
НАТО жана Европа Биримдигинен  Мюнихте биргелешкен билдирүү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана Европа Биримдиги комиссиясынын төрайымы  Урсула фон дер Ляйен Украинага туруктуу колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Столтенберг жана фон дер Ляйен Германиядагы 60-Мюнхен коопсуздук конференциясынын (MSC 2024) алдында басма сөзгө биргелешкен билдирүү жасашты.

Украинага туруктуу колдоо көрсөтүүнүн маанисине көңүл бурган Столтенберг, Европа Биримдигинин ушул айдын башында кабыл алган 50 миллиард евролук жардамды кубаттаганын жана Америка Кошмо Штаттарынын  конгрессинин да ушундай жол менен кетишин күткөнүн айтты.

Столтенберг Германиянын Бавария аймагында Патриот ракеталарын  чыгаруучу жайдын курулушуна көңүл бурган Столтенберг : «Бул Европа жана Түндүк Америка фирмаларынын орток коопсуздугубуз үчүн бирдикте  иштешинин бир мисалы»,-деди.

Эч бир НАТО өлкөсүнө түздөн - түз коркунуч жок экенин жана альянстын тоскоолдугуна байланыштуу жаңылыш эсептөөгө орун жок экенин баса белгилеген Столтенберг : «Бардык союздаштарыбызды көбүрөөк күч, жогорку даярдык жана коргонуу инвестициялары менен коргоого даяр болушубуз керек",- деди. 

Фон дер Ляйен конференцияда Украина менен бекем тилектештик билдирүүсү берилиши керектигин баса белгилеп, бул контекстте АКШ менен Канада жана Европанын ортосундагы союздук байланыштарды бекемдөө зарылдыгын белгиледи.

Фон дер Ляйен Европа Биримдигинин коргонуу тармагында көбүрөөк биргелешкен инвестиция салышы керектигин баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар