Кувейтте парламент таратылды
Эмир Сабахтын парламенттин таратылышына байланыштуу жарлыгы Кувейт эмирлик сотунда жарыяланды.
2103375
Кувейт эмири Шейх Мешал ел - Ахмед ел - Жабир ес - Сабах парламентти таратты.
Эмир Сабахтын парламенттин таратылышына байланыштуу жарлыгы Кувейт эмирлик сотунда жарыяланды.
Жарлыкта : «Жарлык Конституциянын 107 - беренеси боюнча жана парламенттин конституциялык принциптерди бузушу, жогорку бийлик өкүлдөрүнө сый көрсөтпөшү жана атайылап агрессивдүү жана көзөмөлсүз сөздөрдү колдонушунан улам чыгарылган»,- деп айтылды.
Прмьер - министр жана министрлерден чечимди ишке ашыруулары кааланган жарлыкта бул тууралуу кенен маалымат берилген жок.