Япониядан 4 өлкөгө колдоо

Буга ылайык JICA Түштүк Кытай деңизиндеги коопсуздукту арттыруу максатында АСЕАНга мүчө Индонезия, Малайзия, Филиппин жана Вьетнамга деңиз коопсуздугу жаатында 10 жылдык колдоо көрсөтөт.

2103262
Япониядан 4 өлкөгө колдоо

Япониянын Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (JICA) Түштүк Кытай деңизинде коопсуздукту жогорулатуу максатында Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясына (АСЕАН) мүчө 4 өлкөгө 10 жылдык деңиз коопсуздугу боюнча колдоо көрсөтүүнү пландоодо.

Буга ылайык JICA Түштүк Кытай деңизиндеги коопсуздукту арттыруу максатында АСЕАНга мүчө Индонезия, Малайзия, Филиппин жана Вьетнамга деңиз коопсуздугу жаатында 10 жылдык колдоо көрсөтөт.

Деталдары 2025-жылдын март айында жарыяланышы пландалган колдоо пакети менен аталган өлкөлөргө дрондор, радар аппараттары жана кайгуул кемелери сыяктуу коопсуздук тармагында потенциалды жогорулатуучу колдоо көрсөтүлөт.

АСЕАНга мүчө өлкөлөр жана Япония өкмөтү декабрь айында борбор шаар Токиодо өз ара мамилелердин түзүлгөнүнүн 50 жылдыгына карата достукту жана эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу максатында лидерлер саммитин өткөрүшкөн.



Тектеш кабарлар