Лукашенко: "Түркия стратегиялык өнөктөшүбүз"

Түркиянын Минсктеги элчиси Гүчлү Жем Ышык Лукашенкого ишеним грамотасын тапшырды.

2102834
Лукашенко: "Түркия стратегиялык өнөктөшүбүз"

Беларустун президенти Александр Лукашенко Түркиянын өлкөсү үчүн стратегиялык өнөктөш экенин айтты.

Беларустун Президенттигинен берилген маалыматка караганда, Түркиянын Минсктеги элчиси Гүчлү Жем Ышык Лукашенкого ишеним грамотасын тапшырды.

Лукашенко бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, Анкара менен карым-катнаштардын маанисине көңүл буруп: «Түркия менен Беларусь узак тарыхы бар стратегиялык өнөктөштөр. Минск менен Анкараны улуттук кызыкчылыктардын артыкчылыктары, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарга маани берүү, тарыхый мурастарды коргоо жана башкалар бириктирип турат»,-деди.



Тектеш кабарлар