Иран-Армения кызматташтык келишимдери
Иран-Армения биргелешкен экономикалык комиссиясынын 18-жыйыны өттү.
Иран менен Армениянын ортосундагы экономикалык карым-катнаштарды өнүктүрүүнүн алкагында 19 түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.
Ирандын расмий кабар агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда, Иран-Армения биргелешкен экономикалык комиссиясынын 18-жыйыны өттү.
Борбор калаа Тегеранда эки күндүк сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн өкүлдөрү 19 тармакта кызматташууну камтыган түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Мазмуну тууралуу кеңири маалымат берилбеген келишимдерге кол коюу аземине Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян менен Ирандын Бюджет жана пландоо мекемесинин төрагасы Давуд Мензур да катышты.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.