Россия менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыккан жокпу?

АКШ Россиянын президенти Владимир Путиндин Украинадагы кагылышуунун тоңдурулушу деген мааниге келиши мүмкүн болгон ок атышпоо сунушун четке какты.

2102314
Россия менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыккан жокпу?

АКШ Россиянын президенти Владимир Путиндин Украинадагы кагылышуунун тоңдурулушу деген мааниге келиши мүмкүн болгон ок атышпоо сунушун четке какты.

Рейтер агенттигинин орус булактарына таянып берген кабарына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпады, бул эки алдыңкы өзөктүк державанын ортосундагы олуттуу пикир келишпестиктерден кабар берүүдө.

Рейтер агенттигинин Вашингтондогу булагы Россия менен эч кандай расмий же расмий болбогон байланыштын болбогонун жана Вашингтондун Киевсиз  сүйлөшүүгө барбай турганын билдирди.

Кабарга караганда Россия Жакынкы Чыгыштагы  араб өнөктөштөрү да болгон түрдүү тараптардын жардамы менен Украинанын басып алынган жерлеринин көзөмөлүнүн өзүндө калуу шарты менен ок атышпоого даяр экендигин билдирди. Атынын билдирилишин каалабаган бир орус жетекчи : «Америкалыктар менен болгон байланыштардан жыйынтык чыккан жок»,- деди. Башка бир булак сүйлөшүүлөрдүн натыйжасыз болушуна АКШнын Украинанын катышуусу болбостон сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тарткандыгын көрсөттү.

Сүйлөшүүлөрдөн кабардар болгон үчүнчү булак : “Америкалыктар менен сүйлөшүүлөр фиаско менен аяктады”,- деп билдирди.

Кремл, Ак үй, АКШнын мамлекеттик департаменти жана ЦРУ да болгон расмий булактар бул кабарлар тууралуу комментарий беришкен жок.



Тектеш кабарлар