Ислам Кызматташтык Уюму Израилдин Рафахка карата кол салуусун айыптады

ИКУ жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин Газанын түштүгүндө 1,5 миллионго жакын палестиналык баш калкалаган Рафах шаарына карата кол салуусуна каршылык көрсөттү.

2102296
Ислам Кызматташтык Уюму Израилдин Рафахка карата кол салуусун айыптады

Ислам Кызматташтык Уюму ИКУ Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги Рафах шаарына кол салуусун айыптады.

ИКУ жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин Газанын түштүгүндө 1,5 миллионго жакын палестиналык баш калкалаган Рафах шаарына карата кол салуусуна каршылык көрсөттү.

Билдирүүдө Израилдин Рафахка кол салууларынын натыйжасында көбү балдар жана аялдар болгон жүздөгөн палестиналык жарандын каза болгондугу жана жараланганы, эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрүнө көңүл бурулбаганы эске салынды.

Рафах шаарына карата кол салуулардын Газа тилкесиндеги адамдардын кыйынчылыгын арттырып жана геноцид кылмышынын уландысы катары мүнөздөлгөн билдирүүдө мунун Палестина калкын депортациялоо багытында кабыл алынгыс аракет экени белгиленди.

Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттеринин «Израилдин геноцидди алдына алуу үчүн бардык чараларды көрүшү»  тууралуу Эл аралык адилеттик кеңешинин чечимине терс экендиги баса белгиленген билдирүүдө Израилдин оккупациядагы Батыш Шериада палестиналыктарга карата жасаган зомбулуктары да айыпталды.

Билдирүүдө эл аралык коомчулукка жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине Израилдин кол салууларын токтотуу жана Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү боюнча өз милдеттерин аткарууга чакыруу салынды.



Тектеш кабарлар