Израилдин кол салуулары уланып жатат

Израиль армиясы чабуулдарын 130-күнүндө да улантты.

2101472
Израилдин кол салуулары уланып жатат

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында кеминде 12 миң 300ү бала, 8 миң 400ү аял 28 миң 340 палестиналык каза болуп, 67 миң 984ү жараланды.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAдагы кабарга караганда, Израиль армиясы Газа тилкесиндеги элди ачка жана суусуз калтырып гуманитардык апаатка себеп болгон чабуулдарын 130-күнүндө да улантты.

Саламаттык сактоо булактары, Газанын борбордук бөлүгүндөгү "Нусейрат" качкындар лагеринин согуштук учактар ​​тарабынан бутага алынганын, кол салууда 5 кишинин каза тапканын жана жаракат алгандардын бар экенин билдиришти.

Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарынын Эль-Беразил районуна абадан кол салууда болсо 1 бала каза болуп, 4 киши жараланды.

Хан-Юнус шаарынын чыгыш жана батыш тарабында да артиллериялык чабуулдар жасалды.

Бир тараптан Хан Юнустагы Насер ооруканасында электр жарыгы толугу менен өчүрүлдү.

Ошондой эле Газа тилкесинин борборундагы "Аль-Мегази" качкындар лагеринин бомбаланганы жана ал жерде да жаракат алгандардын бар экени кабарланды.



Тектеш кабарлар