Болгарияда айыл чарба тармагынын кызматкерлери өкмөт менен макулдашты

Премьер-министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, айыл чарба секторунун негизги үч уюму менен 12 беренеден турган келишим боюнча орток пикирге жетишилди жана тараптар документке кол коюшту.

2101590
Болгарияда айыл чарба тармагынын кызматкерлери өкмөт менен макулдашты

Болгарияда 5-февралда нааразылык акциясын баштаган айыл чарба тармагынын кызматкерлеринин өкүлдөрү өкмөт менен макулдашууга жетишти.

Премьер-министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, айыл чарба секторунун негизги үч уюму менен 12 беренеден турган келишим боюнча орток пикирге жетишилди жана тараптар документке кол коюшту.

Айыл чарба министри Кирил Витев бул уюмдар менен диалогго ар дайым даяр экендиктерин баса белгилеп, Орусиянын Украинага каршы согушунун натыйжасында жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн жоготууларынын ордун толтуруу үчүн зарыл болгон мыйзамдык чараларды көрүүгө жана мамлекеттик жардам көрсөтүүгө макул экендиктерин билдирди.

Келишимге ылайык, мамлекеттик кызматкерлер менен дыйкандардын ортосунда түзүлө турган аралаш комиссия иш-аракеттерди көзөмөлдөйт.

Келишимге канааттанбаган айыл чарба тармагынын 26 жергиликтүү уюму айыл чарба министри Витевдин кызматтан кетишин талап кылып, нааразылык акцияларын уланта турганын жарыялашты.

Демонстранттар бүгүн оор машиналар менен өлкө боюнча 25 пунктта жол кыймылын жаап, борбор шаар Софияда Министрлер кеңешинин имаратынын алдында митинг өткөрө тургандарын билдиришти.



Тектеш кабарлар