Нидерландияда Куран таратылды

Арнем шаарындагы 6 мечит фондунун жетекчилери 13-январда ашкере улутчул Вагенсвельддин Курани Каримди өрттөөгө аракет кылган Янсплейн аянтында «Өрттөбө, оку» аттуу иш-чара уюштурду.

2100966
Нидерландияда Куран таратылды

Нидерландияда расист жана ашынган улутчул Батыштын исламдашуусуна каршы патриот европалыктар (PEGIDA) кыймылынын лидери Эдвин Вагенсвельд тарабынан Курани Каримге кол салууга реакция иретинде нидерландча котормосу менен Курани Карим таратылды.

Арнем шаарындагы 6 мечит фондунун жетекчилери 13-январда ашкере улутчул Вагенсвельддин Курани Каримди өрттөөгө аракет кылган Янсплейн аянтында «Өрттөбө, оку» аттуу иш-чара уюштурду.

Иш-чарада аянттан өтүп жаткандарга нидерландча котормосу менен Курани Карим белекке берилип, ислам дини тууралуу китепчелер таркатылды.

Ислам дини түшүндүрүлгөн иш-чарада шаар тургундарына таттуу да тартууланды.

13-январда Арнемдеги Янсплейн аянтында ПЕГИДА кыймылынын лидери Вагенсвельд тарабынан пландалган Курани Каримге кол салууга кийлигишкен топ менен полициянын ортосунда мушташ чыккан.



Тектеш кабарлар