Финляндиядагы президенттик шайлоо

Өлкөдө биринчи айлампасы 28-январда өткөн президенттик шайлоо, талапкерлер 50 пайыздан ашык добуш ала албагандыктан экинчи айлампага калган.

2100958
Финляндиядагы президенттик шайлоо

Финляндиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында расмий эмес жыйынтыктарга караганда мурдагы премьер-министр Александр Стубб ат салышта алдыга чыкты.

Экинчи айлампасы кечээ өткөрүлгөн шайлоонун расмий эмес жыйынтыгы боюнча Улуттук коалиция партиясынын талапкери мурдагы премьер-министр Александр Стубб жарышта атаандашы мурдагы тышкы иштер министри Пекка Хаавистодон алдыга озуп чыкты. Стубб добуштардын 51,6 пайызына ээ болсо, Хаависто 48,4 пайыздык добуш алды.

Өлкөдө биринчи айлампасы 28-январда өткөн президенттик шайлоо, талапкерлер 50 пайыздан ашык добуш ала албагандыктан экинчи айлампага калган.



Тектеш кабарлар