Сириядагы америкалык базага кол салуу аракети болду
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Дейр-эз-Зордогу Евфрат дарыясынын батыш жээгинде Иран колдогон топтор, түн ичинде АКШ күчтөрү жайгашкан Конико газ мекемесиндеги базага учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салууга аракет кылышты.
Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясында Иран колдогон топтор Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) армиясы жайгашкан базага камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салууга аракет кылышты.
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Дейр-эз-Зордогу Евфрат дарыясынын батыш жээгинде Иран колдогон топтор, түн ичинде АКШ күчтөрү жайгашкан Конико газ мекемесиндеги базага учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салууга аракет кылышты.
Базадагы абадан коргонуу системалары учкучсуз учуучу аппараттарды бутага жете электе жок кылган.
АКШ азырынча кол салууга байланыштуу билдирүү жасай элек.
АКШ армиясынын Хасеке жана Дейр-эз-Зордогу базалары 2023-жылдын октябрь айынан бери келип чыгышы белгисиз ракеталар жана камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар менен тез-тез бутага алынууда.
Евфрат дарыясынын чыгышындагы Дейр эз-Зор жерлери АКШ колдогон жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын басып алуусунда, шаардын борбору жана башка айыл аймактары Башар Асад режими менен Иран колдогон топтордун көзөмөлүндө.