Израилдин Рефах шаарына операция жүргүзүү даярдыктарына дүйнө жүзү каршы чыгууда

Израилдин маалымат каражаттары премьер-министр Нетаньяхунун Рефах шаарына карай операциянын Рамазан айына чейин (11-марттан 9-апрелге чейин) бүтүшүн каалаганын жазды.

2100614
Израилдин Рефах шаарына операция жүргүзүү даярдыктарына дүйнө жүзү каршы чыгууда

Израиль 7-октябрдан бери Газаны бомбалоодо.

Газа тилкесинде жер которгон палестиналыктар баш калкалаган Рефах шаары кайрадан Израиль армиясынын бутасы болуп, ондогон палестиналыктардын өмүрү кыйылды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун 4-февралдагы Рефах шаарына карай кургактык операциясына даярдыктарды баштоо буйругунан кийин Израилдин согуш кабинетинин аймакта баш калкалаган жүз миңдеген палестиналыктарды эвакуациялоо үчүн иш баштаганы кабарланды.

Израилдин маалымат каражаттары премьер-министр Нетаньяхунун Рефах шаарына карай операциянын Рамазан айына чейин (11-марттан 9-апрелге чейин) бүтүшүн каалаганын жазды.

Рефахка карай операцияга даярдыктар дүйнөнүн төрт бурчунан реакцияларды жаратууда.

Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Рефах шаарына кол салуу «сөз менен жеткис гуманитардык кырсыкка алып келет» деп эскертти.

Британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон да Рефахка кол салуу ыктымалына терең тынчсызданганын билдирди.

Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес Израилдин Рефахка карай аскердик операциясын кеңейтүүсү гуманитардык апаатты күчөтөрүн белгилеп, Израилдин кол салууларын айыптады.

Сауд Арабия болсо Рефахтагы гуманитардык апааттын чоңоюп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырды.



Тектеш кабарлар