Байден - Шольц Украинага карата колдоону баса белгилешти

Байден Шольцту Ак үйдө тосуп алды.

2100346
Байден  - Шольц Украинага карата колдоону баса белгилешти

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден менен Германиянын канцлери Олаф Шольц Батыштын Украинага күчтүү колдоосун улантуусу керектигин баса белгилешти.

Байден Шольцту Ак үйдө тосуп алды.

Эки лидер басма сөзгө берген билдирүүсүндө  Украинага колдоо тууралуу көз караштарын билдиришти.

АКШ Конгрессиндеги республикачылдарды "Украинага жардамга бөгөт коюу" менен айыптаган Байден мунун дээрлик кылмыш иши экендигин жактады. Бул жардамдардын  Украинага сөзсүз түрдө жиберилиши керектигин баса белгилеген Байден бул тууралуу АКШнын жана Европа өлкөлөрүнүн бирдикте иштөөнү улантарын айтты. 

Батыш өлкөлөрүнүн колдоосу болбосо Киевдин өз аймагын коргой албасын белгилеген Шольц, Россияга каршы Украинага тез арада жаңы жардамдардын жөнөтүлүшү керектигин айтты.

АКШлык журналист Такер Карлсондун Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон маегин сынга алган Шольц   Путиндин Украинага кол салуусуна (2022-жылдын 24-февралында) байланыштуу тарыхый маселелерди бурмалагандыгын жактады.

 



Тектеш кабарлар